«Украина менен Орусиянын ортосунда дагы жакшы бир карым  - катнаштардын болушу үчүн мүмкүнчүлүк бар»

Орусиянын  премьер  - министри Дмитрий  Медведев Украинанын жаңы башкаруусун сезимталдуу болууга чакырды.

1188069
«Украина менен Орусиянын ортосунда дагы жакшы бир карым  - катнаштардын болушу үчүн мүмкүнчүлүк бар»

Орусиянын  премьер  - министри Дмитрий  Медведев Украинанын жаңы башкаруусун сезимталдуу болууга чакырып : «Украина менен Орусиянын ортосунда дагы жакшы бир карым  - катнаштардын болушу үчүн мүмкүнчүлүк бар»,- деди.

Медмедев социалдык медиа эсеби аркылуу берген маалыматта куудул Владимир Зеленскийдин Украинанын  президенттик шайлоодогу жеңишине баа берди. Медведев : «Украина менен Орусиянын ортосунда дагы жакшы карым  - катнаштын болушу үчүн мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн эмне керек? Оболу өлкөнүн чыгышындагы абал жана Украинадагы бардык саясий чындыктарга көңүл бурган, прагматикалык жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга муктаждык бар.  Албетте өлкөбүздүн элдеринин ортосундагы терең карым  - катнаштардын баалуулугун түшүнүү, саясий конъюнктурадан жогору болушу керек»,- деди.

Медведев Орусия менен Украинанын ортосунда токтогон экономикалык таасирлешүүнүн кайрадан жандандырылышынын миллиондогон украиналыктын социалдык маселелеринин да чечилиши деген мааниге келерин белгиледи.

Украинада кечээ өткөн экинчи айлампадагы президенттик шайлоонун расмий болбогон жыйынтыктарына караганда Зеленский добуштардын 73 пайызын алды.



Тектеш кабарлар