Шри-Ланкадагы кол салууда 2 түрк инженери каза тапты

Шри-Ланканын тышкы иштер министрлиги, кол салууда каза болгондордун 27синин чет өлкөнүн атуулдары экенин жарыялады.

1187525
Шри-Ланкадагы кол салууда  2 түрк инженери каза тапты

 

Шри-Ланкада 8 башка бомбалуу кол салууда каза тапкандардын саны 207ге жетти.

Каза болгондордун арасында 2 түрк инженери да бар.

Өлкөдө эртең менен Коччикаде Саинт Антония, Катанада Саинт Себастьян жана Баттикалоада бир чиркөө менен борбор шаар Коломбодо беш жылдыздуу Shangri La, Cinnamon Grand жана  Kingsbury аттуу мейманканаларга кол салуулар болду.

Бул кол салуулардан кийин борбор шаар Коломбонун элет жери Дехивалада зоопаркка жакын жерде, кайра эле ошол Дематогодонун элет жеринде жарылуулар болду.

BBCнин полицияга таянып берген кабарына караганда өлкөдө үч чиркөө менен үч отелди бутага алган, айрыкча борбор шаар Коломбонун эки элет жеринде болгон бомбалуу кол салууларда 207 киши каза тапты, 400 киши жаракат алды.

Шри-Ланканын тышкы иштер министрлиги, кол салууда каза болгондордун 27синин чет өлкөнүн атуулдары экенин жарыялады.

Кол салууда түрк инженерлери Серхан Селчук Наричи жана Йигит Али Чавуш каза тапты.

Бир тараптан тараптан борбор шаар Коломбонун элет жери Дематагодо шектүүлөрдү кармаш үчүн бир үйгө жүргүзүлгөн операцияда 2 полиция кызматкери каза болгону жарыяланды.

Кол салууга шектүү деп кармалгандардын саны 7ге жетти.                                                                                                                                                                                         Эң аз экөөнүн жан кечтилик кол салуу болгону божомолдогон кол салуулардын жоопкерчилигин моюнга алган эч ким чыга элек.

Жарылуулардын себебеинен өлкөдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00ден эртең мененки 6:00гө дейре 12 сааттык көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Президент Майтрипала Сирисена, бул чагымчылыктын жооптууларына каршы күчтүү түрдө иш-аракет кылынышынын буйругун бергенин билдирди. Сирисена, атуулдарга да этият болуулары жана айтымдар менен негизсиз маалыматтарга кулак салбоо чакырыгы ташталды.

Премьер-министр Рамил Викремесинге да коркоктой кол салууларды күчтүү түрдө айыптап, «Бүткүл Шри-ланкалыктарга бул трагедиялык мезгилде биримдик, ынтымак болуп, күчтүү болууга чакырамын»,-деди.

 


Этикеткалар: #Шри-Ланка

Тектеш кабарлар