Ирандагы сел апааты

Селде каза болгондордун саны 78ге жетти.

1188077
Ирандагы сел апааты

Иранда 31 -  мартта башталган катуу жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 78ге жетти.

Иран кризисти башкаруу мекемесинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси  Али Бахтияри мамлекеттик медиага маалымат берди. 25 аймакта жалпы 235 шаар жана 4 миң 304 айылга зыянын тийгизген сел апаатында ушул кезге чейин 78 кишинин каза болгондугун, миң кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Бахтияри өлкөдөгү селден түздөн түз же кыйыр түрдө 10 милллионго жакын кишинин зыян тарткандыгын, 400 миң кишинин мажбур түрдө жашаган жерлеринен чыгарылгандыгын, 40 миң үйдүн селден зыян тарткандыгын жана 41 миң үйдүн болсо оңдоого муктаж экендигин билдирди.

Бир тараптан Ирандын түштүк чыгышындагы Систан  - Белужистан аймагына карата Хирменд шаарында катуу жааган жамгырдан улам 8 айылдын бошотулгандыгы билдирилди.

Ирандагы селден жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн аракетке өткөн Түрк Кызылай тобу Иран Кызылайы  менен бирдикте апаат болгон аймактарга 5 фура гуманитардык жардам жеткирди.



Тектеш кабарлар