БУУнан Шри Ланкадагы кол салууларга карата айыптоо

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Шри Ланкада чиркөө жана мейманканаларды бутага алган террордук кол салууну айыптады.

1187794
БУУнан Шри Ланкадагы кол салууларга карата айыптоо

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Шри Ланкада чиркөө жана мейманканаларды бутага алган террордук кол салууну айыптады.

БУУнун башкы катчысынын катчылыгынан берилген маалыматка караганда Гутерреш бүткүл дүйнөдө христиандар үчүн ыйык бир күн болгон Паскалия майрамында мейманкана жана чиркөөлөрдү бутага алган террордук кол салууну айыптады.

Бул бардык сыйынуучу жерлердин ыйык экендигин баса белгилеген Гутерреш кол салууда каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтты. Гутерреш кол салуунун аткаруучуларынын эртерээк адилеттикке тапшырылышын каалады.

БУУнун 73 -  Жалпы Кеңешинин төрайымы Мария Фернанда Еспиноса да твиттер эсебинен берген маалыматта Шри Ланка калкын бутага алган «акылга сыйбаган» террордук кол салуудан терең санааркагандыгын белгилеп, биримдиктүү болууга, бул кол салуулардын айыпталышы жана күнөөсүз кишилердин бутага алынышынын токтотулушу керектигин белгиледи.

Шри Ланкада кечээ эрте мененки сааттарда Коччикадеде Энтони, Катанада, ыйык Себастьян жана Баттикалоада бир чиркөө менен борбор шаар Коломбодо беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана  Kingsbury мейманканаларына кол салуу жасалган.

Кол салууларда каза болгондордун саны 290гө жеткен.



Тектеш кабарлар