Бужумбурада жаңы ибадаткана ачылуусуна тыюу салынды
Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда, Бужумбурада эми мечит жана чиркөө ачылбай турганы жарыяланды.
Бурундиде өлкөнүн эң чоң шаары жана мурдагы борбор калаасы болгон Бужумбурада жаңы ибадаткана ачылуусуна тыюу салынды.
Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда, Бужумбурада эми мечит жана чиркөө ачылбай турганы жарыяланды.
Жарыяда жаңы ибадаткана ачууну каалаган диний уюмдардын шаардын тышындагы элет жерлерди тандай ала тургандары жар салынды.
Дин адамдары болсо бул тема тууралуу азырынча маалымат бере элек. Акыркы убактарда протестант чиркөөлөрүнүн саны ылдам көбөйүүдө.Орто эсеп менен 2 миллион калктуу Бужумбурада акыркы убакта протестант чиркөөлөрүнүн саны көбөйүп кетти.
Бурундиде калктын санынын 80 пайызы христиандардан, 10 пайызы мусулмандардан турат.
Жылдын башындагы өзгөртүү менен өлкөнүн саясий борбор шаары Гитега болгон.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.