Түндүк Корея жаңы куралын сынады

Сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын байкоосунда өткөрүлгөнү белгиленди.

1185840
Түндүк Корея жаңы куралын сынады

Түндүк Корея жаңы тактикалык башкаруудагы куралын сынаганын билдирди.

Йонхаптын Түндүк Кореянын расмий KCNA маалымат агенттигине таянып берген кабарында, сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын байкоосунда өткөрүлгөнү белгиленди.

Кабарга караганда, Ким Түндүк Корея армиясынын согушуу күчүн арттыра турган абдан маанилүү курал системасынын сыналганын айтты.

Ким Чен айрыкча тактикалык башкаруудагы курал сыноосуна байланыштуу улуттук коргоо тармагында адис илимпоздордун мыкты иштегендерин сөз кылды.

Адистер сыналган куралдын жаңы иштелип чыккан кыска аралыкка атуучу же канаттуу ракета боло алаарын белгилешти.

Түндүк Корея ноябрь айында узак аралыкка атуучу жаңы куралын сынаганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар