Орусия аскерлери Борбордук Африкада БУУнун тынчтык күчүнө кошулат

В. Путин кол койгон жарлык менен 30 орус аскери келерки күндөрдө БУУнун Ырааттуулук миссиясына кирет.

1185937
Орусия аскерлери Борбордук Африкада БУУнун тынчтык күчүнө кошулат

Акыркы мезгилдерде Борбордук Африка Республикасында күчүн бекемдеген Орусия БУУнун Ырааттуулук миссиясына аскерлер менен интеграция болуу чечимин чыгарды.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда Орусиянын президенти В. Путин кол койгон жарлык менен 30 орус аскери келерки күндөрдө БУУнун Ырааттуулук миссиясына кирет.

Жарлык боюнча Борбордук Африка Республикасында кызмат кыла турган орус аскерлеринин офицерлери аскердик байкоочу жана байланыш адистеринен турат.

Орусия эл аралык саясий  - аскердик абалда түзүлө турган өзгөртүүлөрдүн тынчтыкты коргоо кызматын мүмкүн кылбай турган абалга келгенде аскерлерин чыгаруу укугуна ээ болот.

Орусиянын атайын аскердик фирмасы Вагнеге караштуу жалданма аскерлер менен Борбордук Африка Республикасында болууну улантып жаткандыгы белгилүү.

Июнь айында аскердик кеңешчилер катары кызмат кылган жалданма аскерлердин иштерин иликтеген 3 орус журналист Борбордук Африка Республикасында өлтүрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар