Иран улуттук китепканасында "Түркия бурчу"

Ирандын борбор шаары Тегерандагы Иран улуттук китепканасында «Түркия бурчу» ачылды.

1185129
Иран улуттук китепканасында "Түркия бурчу"

Ирандын борбор шаары Тегерандагы Иран улуттук китепканасында «Түркия бурчу» ачылды. Ачылууга Түркиянын Тегеран элчиси профессор – доктор  Деря Өрс менен Иран улуттук китепканасы жана документтер уюмунун төрагасы Эшреф Буружерди катышты.

Элчи Өрс Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий жана экономикалык карым  - катнаштардын тереңдигинин баары тарабынан билингендигин белгилеп, маданий тармактагы карым  - катнаштарды да өнүктүрүү максатында ушундай кадамдын ташталгандыгын айтты.

Иран улуттук китепканасынын ичинде ачылган бурчка Түркия мамлекетинин маданият, адабият, дин жана тарых тармактарында 1500 китеп белек кылгандыгын айткан Өрс буларды билдирди : «Түркия бурчу эки өлкөнүн ортосунда жаңы кыйырларга терезе ачууда. Терезе ачуу жана саламдашуу абдан маанилүү. Түркия менен Иран калкынын ортосунда бул жылуу жана жакын саламдашууну бүгүн бул жерде кичинекей бир китепкана менен баштадык. Бул бурчка болгон колдообузду иреттүү түрдө улантабыз».

Китепканага багыштаган китеп санын арттырышарын белгилеген Өрс буларды айтты : «Биз аймакта тынчтык, ырааттуулук, достук жана тынчтык үчүн аракет кылуудабыз жана муну да китепканалардан баштоону каалайбыз. Китеп бардык нерсенин ачкычы».

Иран улуттук китепкана жана документтер уюмунун төрагасы Буружерди болсо Түркия бурчунун ачылышы менен Түркия улуттук китепканасы менен кызматташууну арттырууну жана алардын булактарынан пайдалануунудан үмүт кылышкандарын айтты.

Буружерди : «Бул кадамдын дос өлкө Түркия менен маданий тармактагы карым  - катнаштарыбыздын күчтөндүрүлүшү үчүн жакшы бир башталгыч болушун каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар