Европа Биримдиги АКШнын жаңы санкцияларын айыптады

АКШнын Куба, Венесуэла жана Никарагуага жаңы катуу чараларды көрө турганы билдирилген болчу.

1184889
Европа Биримдиги АКШнын жаңы санкцияларын айыптады

Европа Биримдиги, АКШнын Кубага жана Кубада иш алып барган ишканаларга каршы жаңы мыйзамдык чараларды көрүү чечимин айыптады.

Европа Биримдигинин Кубадагы элчиси Альберто Наварро Гонсалес, АКШнын Кубага жана Кубада иш жүргүзгөн ишканаларга каршы жаңы мыйзамдык чараларды көрүү чечимин айыптагандарын айтты.

Гонсалес маалымат жыйынында, Вашингтон башкаруучулугунун бул чечиминин Кубада ырааттуулуктун жогорулашына жана жумуш орунун камсыздоого жардамчы болгон инвесторлор үчүн баш аламандык жарата турганын белгиледи.

Альберто Наварро Гонсалес: «Бул чечимди айыптайбыз жана бизди катуу капага салдыңар»,-деп айтты.

АКШлык жогорку даражалуу бир жетекчи, АКШнын Куба, Венесуэла жана Никарагуага жаңы катуу чараларды көрө турганын билдирген болчу.

Чечимге караганда Кубада 1959-жылдагы төңкөрүштөн кийин аралдагы АКШлык ишканаларды колго алууга аркет кылган ишканаларга доо коюлушу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар