Орусия Аккуюу атомдук станциясынын 49 пайызынын сатыла аларын билдирди

Аккуюу атомдук күч станциясынын 49 пайыздык акциясын толугу менен сатууга даяр экендерин белгилеген Лихачёв : «Түркиядан менчик жана мамлекеттик фирмалар менен сүйлөшүп жатабыз»,- деди.

1183991
Орусия Аккуюу атомдук станциясынын 49 пайызынын сатыла аларын билдирди

Орусия атомдук энергетика мекемеси Росатомдун төрагасы Алексей Лихачёв Аккуюу атомдук күч станциясынын 49 пайыздык акциясынын сатылышы тууралуу Түркиядан менчик жана коомдук фирмалар менен сүйлөшкөндөрүн билдирди. Лихачёв Орусиянын Сочи шаарында Atomexpo-2019  эл аралык форумунда Аккуюу атомдук күч станциясынын 49 пайыздык акциясынын сатылышы тууралуу маалыматтарды берди.

Аккуюу атомдук күч станциясынын 49 пайыздык акциясын толугу менен сатууга даяр экендерин белгилеген Лихачёв : «Түркиядан менчик жана мамлекеттик фирмалар менен сүйлөшүп жатабыз»,- деди.

Лихачёв бул акциялардын сатылышы тууралуу сүйлөшүүлөрдө түрк өкмөтүнүн да орун алгандыгын жана бул тууралуу шашылышпай тургандарын белгиледи.

Түркиянын алгачкы атомдук күч станциясы боло турган Аккуюу атомдук күч станциясына байланыштуу биринчи келишимге 2010 -  жылы Орусия менен кол коюлган.

Аккуюуда курула турган станция төрт реактордон турат жана жалпы 4 миң 800 мегаватт күчүнө ээ болот.

Станциянын биринчи бөлүмүнүн 2023 -  жылга чейин ишке кириши пландалууда.

Орусия менен кол коюлган өкмөттөр аралык келишимде толугу менен Росатом  тарабынан түзүлө турган долбоордо 49 пайыздык акциясынын чет элдик инвесторлорго сатылышы мүмкүн экендиги орун алган.



Тектеш кабарлар