Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 15 киши каза болуп, 14 киши жараланды.

1184008
Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигериянын Насарава аймагында жасалган куралдуу кол салууда 15 киши каза болуп, 14 киши жараланды.

Насарава аймак полициясынын катчысы Умар Шеху Надада журналисттерге берген маалыматында Нума айылында ким экендиги белгисиз куралдуу күчтөр тарабынан кол салуу жасалгандыгын билдирди. Надада : "Айылда өтөрүлгөн бир иш чарага куралдуу кишилер кол салды. Кол салууда 15 киши каза болуп, 14 киши жараланды",- деди. Жаралуулардын жакын жерлердеги ооруканаларга жаткырылгандыгын айткан Надада окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгын белгиледи. Өлкөдө акыркы учурларда күч  алган куралдуу кол салуулардан улам өкмөт Замфара, Кебби, Катсина, Нигер жана Сокото аймактарында куралдуу кишилерге карата операция баштады. 

 



Тектеш кабарлар