Кытайда дары чыгарган ишканада өрт чыкты
Бул тууралуу ChinaDaily маалымдады.
1183846
Кытайда бир дары-дармек чыгарган ишканада алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 киши каза болду.
ChinaDailyнин маалыматына караганда Шантунг провинциясынын Жинан шаарында бир дары-дармек чыгарган ишканада өрт чыкты.
Маалыматта өрттө эң аз 10 кишинин каза болгону, 12 кишинин жаракат алганы белгиленди.
Кытайдын чыгыш жагындагы Жинагсу провинциясында өткөн айдын акырында бир химия ишканасында болгон жарылууда болсо 78 киши каза тапкан.