Батыш Шериада 10 палестиналык камоого алынды

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.

1183280
Батыш Шериада 10 палестиналык камоого алынды

Изриаль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 10 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү менен жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө «террордук кыймылдарга аралашты» деген негиз менен 10 палестиналык камоого алынды. Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо бороборлорунда кармалууда.



Тектеш кабарлар