Пакистандын ачык базарында жарылуу болду

Пакистандын «Dawn» гезитинин маалыматына караганда Коопсуздук боюнча жооптуусу Абдур Раззак Чемаа, Хазар Гунжи аймагындагы базар жеринде бомба жардырылышынын себебинен эң аз 8 киши каза тапканын билдирди.

1181838
Пакистандын ачык базарында жарылуу болду

Пакистандын Кетта шаарында үстү ачык базар аянтында жарылуу болуп алгачкы белгилөөлөргө караганда 8 киши каза тапты, көп сандаган киши жаракат алды.

Пакистандын «Dawn» гезитинин маалыматына караганда Коопсуздук боюнча жооптуусу Абдур Раззак Чемаа, Хазар Гунжи аймагындагы базар жеринде бомба жардырылышынын себебинен эң аз 8 киши каза тапканын билдирди.

Бомбалуу кол салуу менен шиит Хазара коомчулугу бутага алынганын белгилеген Чемаа, жараланган көп сандаган кишинин чөйрөдөгү ооруканаларга жеткирилгени маалымдалды.

Полиция, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн санааркап жатат.

Жергиликтүү медиа, жарылууда каза болгон жана жаракат алгандардын көпчүлүгүнүн базарчылар экенинин маалыматын бөлүштү.

Кол салууну моюнга алган эч ким чыга элек.



Тектеш кабарлар