Ооганстанда Талибан кол салуусу тыйыла элек
Кундуз облустук кеңешинин башчысы Мухаммед Юсуф Айуби, басма сөзгө Талибандын мүчөлөрүнүн Чардере районунун борборуна кол салганын маалымдады.
1181260
Ооганстанда Талибанга мүчө террористтердин кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты.
Кундуз облустук кеңешинин башчысы Мухаммед Юсуф Айуби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын мүчөлөрүнүн Чардере районунун борборуна кол салуусунан кийин кагылышуу чыкканын билдирди.
Айуби, кол салууда 8 коопсуздук кызматкери каза болгонун, 12 коопсуздук кызматкеринин жаракат алганын айтты.
Талибандын жарыясына караганда кол салууда коопсуздук кызматкерлеринен барымтага алынгандар да бар экени айтылууда.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.