Иракта ДЕАШ кол салды

Кол салууда бир аскер жана бир бала каза болду.

1179921
Иракта ДЕАШ кол салды

Ирактын Салахаддин аймагындагы террордук уюм ДЕАШ кол салуусунда бир аскер жана бир бала каза болуп, Энбардагы кагылышууда 4 террорист өлтүрүлдү.

Салахаддин жана Энбар коопсуздук директорлугуна караштуу булактардын берген маалыматына караганда Салахаддин Шаркат районунда бир коопсуздук пунктуна жасалган ракеталык кол салууда бир аскер жана жакындардагы бир бала каза болду.

Ракета атылган жердин аныкталышынан кийин террористтердин кармалышы үчүн аймакта операциянын баштатылгандыгы белгиленди.

Энбар аймагынын борбору Рамадинин 160 километр батышында Ирак армиясы менен бирге ел  - Жегайфе уруусунун террордук уюм ДЕАШка караштуу террористтер менен кирген кагылышууда 4 террористтин өлүү колго түшүрүлгөндүгү белгиленди. булактар Иракта террордук уюм ДЕАШка караштуу элементтердин бар экендиги, 2014 -  жылдан мурда ишке ашырган «ат. Кач» тактикасы менен кол салуулардын жасалгандыгына көңүлдөрдү бурду.

 



Тектеш кабарлар