Йеменде холерадан улам өзгөчө абал жарыяланды

Йеменде хусилер колго алган аймактарда жайылган холера эпидемиясы менен күрөшүү үчүн өзгөчө абал жарыяланды.

1178993
Йеменде холерадан улам өзгөчө абал жарыяланды

Йеменде хусилер колго алган аймактарда жайылган холера эпидемиясы менен күрөшүү үчүн өзгөчө абал жарыяланды.

Хусилерге караштуу Саба маалымат агенттигинин кабарына караганда түзүлгөн өкмөттө саламаттык сактоо министрлигинин кызматын аткарган Таха ел  - Мутевеккил текшерүү астындагы аймактарда эпидемия абалына келген холера менен күрөшүү максатында өзгөчө абалдын жарыялангандыгын билдирди.

Ишемби күнү хусилер тарабынан холера менен күрөшүү максатындагы Санадагы бардык мектептерде ашканалардын жабылышына чечим чыгарылган.

Йеменде өзгөчө хусилердин текшерүүсү астындагы аймакарда холера эпидемиясынын бар экендиги байкалууда.

БУУнун балдарга жардам фонду ЮНЕСКО Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка директору Герт Каппеларе менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын директору Ахмед ел  - Манзури тарабынан бир канча убакыт мурда берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жылдын башынан бери Йеменде холера оорулууларынын санынын ылдам түрдө өскөндүгү жана 17 -  мартка чейин 109 миң холера оорулуусунун катталгнадыгы, 190 кишинин да мындан каза болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар