Венесуэла кризиси 1 миллиондон ашуун балага таасирин тийгизет

Венесуэладагы саясий кризистин кесепети.

1177620
Венесуэла кризиси 1 миллиондон ашуун балага таасирин тийгизет

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Венесуэладагы кризистен таасирленген жана гуманитардык жардамга муктаж боло турган балдардын саны 1,1 миллионго жетиши мүмкүн экенин билдирди.

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, Венесуэлада уланган кризистин балдарга болгон терс таасирлерине көңүл бурулду.

Билдирүүдө, Венесуэладагы кризистен таасирленген балдардын саны эки эсеге көбөйүшү мүмкүн экени баса белгиленип, коңшу өлкөлөргө да баргандар менен бирге 1,1 миллион баланын коргонууга жана жардамга муктаж боло турганы сөз кылынды.

Бразилия, Колумбия, Эквадор жана Гайана сыяктуу аймак өлкөлөрүндөгү 4,9 миллион венесуэлалыктын да гуманитардык жардамга муктаж болоору белгиленген билдирүүдө, аймак өлкөлөрүнө балдар, качкындар жана мигранттардын негизги муктаждыктарын камсыздоо чакырыгы салынды.

БУУнун отчетуна караганда Венесуэлада калкынын орто эсеп менен төрттөн бирин түзгөн 7 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, өлкөсүндөгү кризиске АКШнын жана анын санкциялары себепчи болгонун көрсөтүүдө.

Бир тараптан БУУнун коопсуздук кеңешинин АКШнын талабы боюнча Венесуэладагы кризисти сүйлөшүү үчүн келээрки жумада чогулаары күтүлүүдө.

Венесуэладагы саясий кризис

Венесуэлада көпчүлүгү оппозициянын колунда турган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо, өзүн «убактылуу мамлекет башчы» деп жарыялап, АКШ баш болгон Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста Рика жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан таанылган, эң акырында Европа Парламенти дагы ошондой кадамга барган. 

Түркия, Мексика, Орусия, Иран, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өкмөтүн колдогонун кайталап, Мадуро да бул абалдар боюнча АКШ менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзгөнүн, бирок соода карым-катнаштары улана турганын жарыялаган болчу. 



Тектеш кабарлар