Дүйнөдө орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарды

Аялдар эркектерге салыштырмалуу узак жашашат.

1177748
Дүйнөдө орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган «Дүйнөлүк саламаттык сактоо көрсөткүчтөрү» отчетуна караганда, 2000-2016-жылдар аралыгында орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 5,5 жыл өсүп, 66 жарым жаштан 72 жашка жогорулады.

Орточо өмүр сүрүүдө киши башына түшкөн киреше белгилөөчү роль ойносо, төмөн кирешелүү өлкөлөрдөгү орточо жашоо мөөнөтү жогорку кирешелүү өлкөлөргө салыштырмалуу 18,1 жыл дагы аз.

2019-жылы 73 миллиону эркек, 68 миллиону кыз жалпы 141 миллион баланын төрөлүшүн көздөгөн отчетто, эркектердин орточо 69,8 жыл, кыздардын болсо 74,2 жыл жашай турганы божомолдонууда.

Өлкөлөргө жараша орточо өмүр сүрүү мөөнөтү Японияда 84, Швейцарияда 83 менен эң жогору экени көңүлдөрдү бурса, Лесото жана Орто Африка Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө болсо орточо 52-53 жыл деп белгиленди.

Отчетто өнүккөн өлкөлөргө жараша аялдардын эркектерге салыштырмалуу дагы узак жашагандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле аялдардын эркектерге салыштырмалуу саламаттык сактоо кызматтарына жетүүсү дагы жогору катышта экени, эркектердин алдын алуучу жана дарылоого боло турган жугуштуу эмес оорулар менен жол кырсыктарынан каза табуу ыктымалдуулугунун аялдарга салыштырмалуу дагы көп экени билдирилди.



Тектеш кабарлар