Украинада добуштарды саноо аяктады

Өлкө тышындагы добуштар менен жалпы 63, 53 пайыздык катнаштагы катышуу болгон шайлоодон кийин үкөктөрдүн баары ачылды.

1177024
Украинада добуштарды саноо аяктады

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясы жуманын акырында өлкөдө президенттик шайлоонун добуштарын саноо иштери аяктады. Президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский жана учурдагы президент Петр Порошенко 21 -  апрелде боло турган экинчи айлампада жарышат.

Өлкө тышындагы добуштар менен жалпы 63, 53 пайыздык катнаштагы катышуу болгон шайлоодон кийин үкөктөрдүн баары ачылды.

Добуштарды саноонун натыйжасында талапкерлерден куудул Владимир Зеленский 30, 24 пайыздык добуш менен биринчи орунду алып, учурдагы президент Петр Порошенко болсо 15, 95 пайыздык добуш менен экинчи орунду алды.

Мурунку премьер  - министр Юлия Тимошенко 13, 40 пайыздык добуш, Орусия тараптары Юрий Бойко 11, 67 пайыздык добуш, мурунку коргоо министри Анатолий Гриценко болсо 6, 91 пайыздык добуш алды.

Шайлоодо талапкерлерден эч бир 50 пайыздан жогору добуш албагандыктан эң көп добуш алган куудул Владимир Зеленский жана учурдагы президент Петр Порошенко 21 -  апрелде өткөрүлө турган экинчи айлампада жарышат.

Украина  Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Татьяна Слипачук да өлкөдөгү шайлоодо талапкерлерден эч бир биринин 50 пайыздан жогору добуш ала албагандыгын белгилеп, актер  - куудул Владимир Зеленский жана учурдагы президент Петр Порошенконун экинчи айлампага калгандыгын жарыялаган болчу.

 



Тектеш кабарлар