Түркиялык суучулдар дагы бир кишинин сөөгүн табышты

Түркиялык суучулдардын Тигр дарыясындагы издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

1176281
Түркиялык суучулдар дагы бир кишинин сөөгүн табышты

Түркиялык суучулдар Ирактын Мосул шаарында 21-мартта болгон паром кырсыгында дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштеринин алкагында Тигр дарыясында дагы бир кишинин сөөгүн табышты.

Ирактын Ички иштер министрлигинин топтору менен кызматташып иштешкен Түрк деңиз күчтөрү командирлигине караштуу 20 кишилик суучул тобу жана Гуманитардык жардам фондунун суу астында издөө-кутаруу тобу, Мосулдагы Тигр дарыясында дагы бир кишинин сөөгүн табышты.

Түркиялык суучулдардын Мосулда Тигр дарыясындагы издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

Мосул шаарында 21-мартта бир паромдун чөгүп кетишинен орто эсеп менен 100 киши каза болгон. Окуяда 60 киши өз аракеттери менен аман-эсен сүзүп чыккан. Дайынсыз жоголгон 100гө жакын киши үчүн да аймакта издөө-кутаруу иштери баштатылган болчу.



Тектеш кабарлар