Иранда селден каза тапкандардын саны көбөйдү

Ирандагы сел апааты чоң чыгымга жана жан жоготууларга себепчи болду.

1175990
Иранда селден каза тапкандардын саны көбөйдү

 

Ирандагы сел апаатынан каза тапкандардын саны 57 кишиге жетти.

Ирандын Чукул жардам мекемесинин катчысы Муктеба Халиди, өлкөнүн жалпысында эки жумадан бери уланып жаткан сел апаатынан каза болгондордун саны 57 кишиге жеткенин жана 478 кишинин жаракат алганын белгиледи.

Халиди айрыкча сел апаатынан жаракат калган 478 кишиден 430нун ооруканаларга жеткирилгенин билдирди.

Бир тараптан Ирандын расмий Ирна агенттигинин кабарына караганда Лористан аймагындагы сел апаатынын себебинен 620 айыл жолу транспортко жабылып, Кирманшах аймагында да акыркы 48 сааттын ичинде жааган жамгырлардын кесепетинен 350 көпүрө жана суу каналы жарактан чыгып калды.

Ирандын жалпысында эки жумадан бери таасирдүү болгон нөшөрлөп жааган жамгырлар алып келген сел апааты чоң чыгымга жана жан жоготууларга себепчи болду.



Тектеш кабарлар