Булуң кризисинин чечилиши "сүйлөшүү столунда"

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухамед бин Абдуррахман Ал Сани Булуң кризисин чечүүдөгү бир гана жолдун «сүйлөшүү столу» экендигин белгиледи.

1176237
Булуң кризисинин чечилиши "сүйлөшүү столунда"

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухамед бин Абдуррахман Ал Сани Булуң кризисин чечүүдөгү бир гана жолдун «сүйлөшүү столу» экендигин белгиледи.

Катар расмий маалымат агенттиги  QNAда орун алган кабарга караганда борбор шаар Дохадагы Georgetown университетине конок болгон Ал Сани сүйлөгөн сөзүндө Катарга мыйзамсыз жасалган бул блокаданын аймакта геополитикалык бир бурулуш жери болгондугун айтты.

Булуң кризисинин чечилишинин «сүйлөшүү столунда» экендигин баса белгилеген Ал Сани түрдүүлүгү менен алдыга чыккан  коомдун сунуш кылган салымдары жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн алган ролун колдошкондорун билдирди.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет башкарууларынын  5 -  июнда Катар менен бардык дипломатиялык карым  - катнаштарын токтотуусу менен Булуң аймагында кризиске жол ачкан.



Тектеш кабарлар