«Идай» куюну көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

1175196
«Идай» куюну көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Зимбабведе «Идай» куюну жана катуу жамгырлар алып келген селдерден каза тапкандардын саны 299 кишиге жетти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Жули Майо, өлкөгө таасирин тийгизген «Идай» куюну жана нөшөрлөп жааган жамгырлар себепчи болгон селдердин кесепетинен каза тапкандардын саны 189дан 299га жеткенин белгиледи.

Бир тараптан БУУ, апаатта 329 кишинин дайынсыз жоголгонун, издөө-куткаруу иштеринин уланганын билдирди.

Өлкөдө марттын ортосунда болгон катуу куюн жана селдерден 1 миллиондон ашуун киши жабыр тартып, жүздөгөн киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар