Кытайда өрт өчүрүү ишине катышкан 30 өрт өчүргүч каза болду

Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын акырында чыккан токой өрттөрү менен күрөшкөн  30 өрт өчүргүч каза болду.

1175046
Кытайда өрт өчүрүү ишине катышкан 30 өрт өчүргүч каза болду

Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын акырында чыккан токой өрттөрү менен күрөшкөн  30 өрт өчүргүч каза болду.

Кытай чукул абалдарды башкаруу министрлигинен берилген маалыматта өрт өчүргүчтөрдүн Лиангшан аймагында 3 миң 800 метр бийиктиктеги бир аянтта чыккан токой өртүн өчүрүү иштерин аткарып жатканда шамалдын күтүлбөгөн жерден багытын өзгөртүшү менен кээ бир өрт өчүргүчтөрдүн өрттөн кутула албагандыгы билдирилди.

Маалыматта ишемби күнү чыккан токой өртүн өчүрүү иштерине 689 өрт өчүргүчтүн катышкандыгы бирок 30 киши менен байланыштын үзүлгөндүгү билдирилди.

Медициналык материалдарды ташыган эки тик учардын окуя болгон жерге жиберилгендиги баса белгиленген маалыматта куткаруу топтору тарабынан жоголгон өрт өчүргүчтөрдөн 30нун жансыз денесинин табылгандыгы билдирилди.

Маалыматта башка жоголгон өрт өчүргүчтөр үчүн изилдөө иштеринин жүргүзүлгөндүгү билдирилди.

Кытай акыркы жумаларда өлкөнүн түрдүү аймактарында чыккан токой өрттөрү менен күрөшүүдө.



Тектеш кабарлар