Француз кабинетиндеги жаңы дайындоолор
Санариптик абалдардан жооптуу мамлекеттик министрлик кызматындагы Мунир Маджубинин ордуна Седрик Онун дайындалгандыгы билдирилди
Француз өкмөтүндө кызматынан кеткен 3 кабинет мүчөсүнүн ордуна жаңы дайындоолор болду. Елисей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сенегал тектүү Сибет Ндиайендин келерки жылы боло турган муниципалдык шайлоодо ат салышуу үчүн кызматынан кеткен Бенжамин Гривонун ордуна өкмөт катчылыгына дайындалгандыгы белгиленди.
Май айында өткөрүлө турган Европа Парламенти шайлоосуна катышуу үчүн Европа Биримдиги министрлиги кызматынан кеткен Натали Луазонун ордуна да Амели де Монтшалиндин дайындалгандыгы билдирилди.
Санариптик абалдардан жооптуу мамлекеттик министрлик кызматындагы Мунир Маджубинин ордуна Седрик Онун дайындалгандыгы билдирилди.
Натали Луазо Европа Парламентиндеги шайлоо үчүн президент Еммануэль Макрон куруучусу болгон Республика жүрүшү кыймылынын тизмесинин башындагы талапкер катары көрсөтүлгөн.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.