Нетаньяхунун коркутуусу
Газа чек арасында жайгашкан Израилдин аскердик күчтөрүнө барган Нетаньяху, аймакта иликтөөлөрдү ишке ашырды.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, курчоо астындагы Газа тилкесине «операция жүргүзүү» коркутуусун кылды.
Газа чек арасында жайгашкан Израилдин аскердик күчтөрүнө барган Нетаньяху, аймакта иликтөөлөрдү ишке ашырды.
«Чоң масштабдуу согушка кирүүгө аргасыз болгон учурунда мындан тартынбай тургандары» менен коркуткан Нетаньяху: «Берки бардык альтернативаларды бүтүргөндөн кийин, бардык Израиль жарандары билип койсун, эгерде чоң масштабдуу согушка кирүүгө аркгасыз болсок, буга күчтүү түрдө киребиз»,-деп айтты.
Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун жетекчилигинде шейшемби күнү болгон коопсуздук жыйынында Газа чек арасындагы бөлүктөргө кошумча күч жөнөтүлүшүнө чечим чыгарылды.
Палестинанын жер күнүнүн 43 жылдыгынан улам ишемби күнү Газа чек арасында кеңири масштабдуу митингдер өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Израиль болсо палестиналыктардын жыл сайын 30-мартта белгилеген «Жер күнүнүн» алдында курчоо астындагы Газа тилкесинин чек арасына аскерлерин жыйып коюуда.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.