Израиль аскерлери 5 палестиналыкты жаралады
Палестиналыктар 2018 - жылдын 30 - мартынан бери блокадага алынган Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген ат менен тынчтыкчыл кыймылдарды өткөрүүдө.
1173251
Израиль аскерлери Газанын түндүк - чыгышындагы «Улуу жүрүш» митингдерине катышкан палестиналыктарга ок атып, 5 киши жараланды.
Палестиналыктар 2018 - жылдын 30 - мартынан бери блокадага алынган Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген ат менен тынчтыкчыл кыймылдарды өткөрүүдө.
Израиль аскерлери болсо сүргүнгө айдалган жерлеринен кайтууну жана 2006 - жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун талап кылган жарандарга чыныгы ок атууда.
Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда Израиль аскерлеринин 2018 - жылы 30 - марттан бери болуп келе жаткан тынчтыкчыл митингдерине кийлигишүүсүндө 230дан ашуун палестиналык шейит болду.