Англияда Ислам билимин берген бир мектепке карай кол салуу болду

Мектептин жооптуу кызматкери Имам Абдул Мухит, өлкөнүн түндүк-чыгышында орун алган Ньюкаслдеги Бахр академиясында дүйшөмбү түнү болгон кол салуудан кийин полиция менен мектептин мечитине киргенде 18 жаштан кичине 6 жаш уланга жолуккандарын айтты.

1171559
Англияда Ислам билимин берген бир мектепке карай кол салуу болду

Англияда Ислам билимин берген мектепке карай кол салуу болуп, имараттын терезелери сындырылды, Курани Каримдин нускалары жыртылып ыргытылды.

Мектептин жооптуу кызматкери Имам Абдул Мухит, өлкөнүн түндүк-чыгышында орун алган Ньюкаслдеги Бахр академиясында дүйшөмбү түнү болгон кол салуудан кийин полиция менен мектептин мечитине киргенде 18 жаштан кичине 6 жаш уланга жолуккандарын жана бардык жерге күйүүчү заттар төгүлгөнүн белгиледи.

Мухит: «Биз өрткө туш болгон жокпуз, бирок жердеги таарлар өрттөнгөн эле. Бардык нерселерди өрттөгөнгө аракеттенгенсип турду. Өз араларында «Мусулман террористтерден» сөз кылып, жикчилдик боюнча тамашалашып жатышты»,-деди.

Мухит окуя болгон жерге алгачкы барган топто жетиштүү санда полиция болбогону үчүн 6 шектүүнүн качканын, бирок шейшемби күнү кармалгандарына басым жасап, мектепке карай акыркы 3 айда экинчи жолу, жалпысынан алганда төртүнчү ирет кол салуу болгонун билдирди.

Англиянын түндүгүндөгү Ислам билимин берген жалгыз мектеп болгонун түшүндүргөн Мухит, келечекте дагы чоң кол салуу болушунан санааркап жаткандарын айтты.

Мектепке январь айында болгон кол салууда имараттын дубалдарына жикчил белгилер чийилген.

Расмий көрсөткүчтөргө караганда Англияда жикчилдик жана Исламга каршы кол салуулар 15-марттагы Жаңы Зеландияда болгон террордук кол салуудан кийин ченемсиз өсө баштады.

Англиядагы исламофобик кол салууларды байкаган өкмөткө караштуу Tel Mama уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, Жаңы Зеландия кол салууларынан кийин дароо мусулмандарды бутага алган кол салууларда 600 пайыздык өсүү көрүндү.



Тектеш кабарлар