Афганстанда жарылуу болду

Кол салууда 7 киши жараланды.

1170314
Афганстанда жарылуу болду

Афганстандын Нангархар аймагында болгон жарылууда 7 киши жараланды.

Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Хогяни Нангархардын борбору Жалалабад шаарында бир маркетке жайгаштырылган бомбанын жарылышы менен 7 кишинин жаралангандыгын айтты.

Хогяни жаралуулардын арасында балдардын да бар экендигин белгиледи.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар