Кытайда химия заводунда жарылуу болду
Кытайдын чыгышындагы Цянсу аймагында бир химия заводунда чыккан жарылууда 44 киши каза болуп, 640 киши да жараланды.
Кытайдын чыгышындагы Цянсу аймагында бир химия заводунда чыккан жарылууда 44 киши каза болуп, 640 киши да жараланды.
Синьхуа агенттигинин кабарына караганда айыл – чарба дарыларын өндүргөн химия заводунда чыккан жарылууга заводдо чыккан жана жайылган өрт себеп болду.
Жаралуулардын дарылангандыгы жана булардан токсонунун абалынын оор экендиги билдирилип, завод таандык болгон фирманын жогорку мартабалуу жетекчилеринин да дарыланып жаткандыгы белгиленди.
2 километрге жакын аянтка жайылган, ичинде 3 башталгыч мектеп жана бир балдар бакчасы болгон химия заводунун жакынындагы отурукташуу аймагы бошотулду.
Өрттөн улам аймакта 176 өрт өчүргүч унаасы жана миңге жакын кызматкер иштеп жатат.
Жарылуунун себебине байланыштуу тергөө баштатылды.
Расмий сапар менен Италияга барган Кытайдын президенти Си Цзиньпин жарылууга байланыштуу бардык чукул чараларды көрүүгө чакырып, окуядан сабак алынышы керектигин айтты.