Путин: «Жаңы Зеландиядагы террордук кол салуунун максаты өлкөнү баш аламан кылуу»
Путин Крым менен Севастополдо жолугушууларды өткөрдү.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Жаңы Зеландиядагы эки мечитке болгон террордук кол салуунун өлкөнү баш аламан кылууну максаттаганын айтты.
Путин Крым менен Севастополь шаарында коомчулуктун өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда, Жаңы Зеландиядагы мечиттерге болгон террордук кол салууга сереп салды.
Кол салууда каза тапкандар үчүн капа болгонун айткан Путин: «Жаңы Зеландиядагы коркунучтуу террордук кол салуунун максаты өлкөнү баш аламан кылуу»,-деди.
Террордук кол салуулардын ар бир өлкө үчүн коркунучтуу экенин белгилеген Путин, Орусиянын ушул сыяктуу кол салууларга уруксат бербей турганын айтты.
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында жума намазы убагында 10 мүнөттүк аралык менен эки мечитке болгон террордук кол салууда 50 киши каза тапкан болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.