Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар

Эң кымбат шаарлардын тизмеси.

1166382
Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар

Дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын тизмесинде биринчи үч шаар белгилүү болду.

Изилдөөлөрдү жүргүзгөн «Economist Intelligence Unit» компаниясынын «Эң кымбат шаарлар-2019» отчетуна караганда, Франциянын баш калаасы Париж, Кытайдын автономдуу аймагы Гонг-Конг жана Сингапурдун баш калаасы Сингапур эң кымбат шаарлардын тизмесинде орун алды.

Бул үч шаар 30 жылдан берки изилдөөдө алгач ирет биринчиликти алса, эң кымбат шаарлардын тизмесинде Париж, Гонг-Конг жана Сингапурдан кийин кезеги менен Швейцариянын Цюрих жана Женева шаарлары, Япониянын Осака шаары, Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул, Даниянын баш калаасы Копенгаген, АКШнын Нью-Йорк жана Лос-Анжелес шаарлары менен Израилдин Тель-Авив шаары турат.

Тизмеге Европадан төрт шаардын кириши көңүлдөрдү бурду.

«Economist Intelligence Unit» компаниясына караганда, эң арзан шаарлар болсо кезеги менен Венесуэланын баш калаасы Каракас, Сириянын баш калаасы Дамаск, Өзбекстандын баш калаасы Ташкент, Казакстандын Алматы, Индиянын Бангалор, Пакистандын Карачи, Нигериянын Лагос, Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айрес, Индиянын Ченнаи шаары жана баш калаасы Жаңы Дели болду.

Бул изилдөө 133 шаарда нан сыяктуу эң көп керектелген азыктар боюнча жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар