Киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыкты

Жээкке чыккан киттин курсагынан көп сандаган пластикалык баштык менен бирге 16 күрүч кабынын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди.

1165897
Киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыкты

 Филиппиндерде жээкке чыккан бир киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды.

Англис БиБиСинин кабарына караганда Давао шаарынын чыгышында D'Bone Collector музейинин кызматкерлери тарабынан жээкке чыккан киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды.

Музей бир фейсбук эсебинен берген маалыматында жаныбардын ашказанынын бир китте эч болбогончолук көп пластикалык баштык менен толгондугун билдирди. Маалыматта өлүү жээкке чыккан киттин курсагынан көп сандаган пластикалык баштык менен бирге 16 күрүч кабынын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди.

Музейдин келерки күндөрдө киттин курсагынан чыгарылгандардын баарынын тизмесинин жарыяланары билдирилди.

Guardian гезитинин кабарында деңиз биологдору киттин ашказандагы шоктон улам өлгөндүгүн билдирген.



Тектеш кабарлар