Мозамбикте сел 66 кишинин өмүрүн алды
Селден 6 миңге жакын үйдүн урап калганы, 111 кишинин жаракат алганы билдирилди.
1163447
Мозамбикте нөшөрлөп жааган жамгыр себепчи болгон селдин айынан каза тапкандардын саны 66 кишиге жетти.
Мозамбик өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ана Комоана, өлкөдө эки күн мурда катуу жааган жамгырлар алып келген селдин кесепетинен көз жумгандардын саны 10дон 66ге жеткенин белгиледи.
Комоана, селден 6 миңге жакын үйдүн урап калганын, 111 кишинин жаракат алганын айтты.
Селден жабыр тарткандар үчүн Замбезия жана Тете аймактарында 16 убактылуу отурукташуу борбору курулганын айткан Комоана, аларга азык-түлүк, кийим-кечек сыяктуу негизги муктаждыктардын жөнөтүлгөндүгүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.