Йеменде холера коркунучу

Йемендин борбор шаары Санада холера оорулууларында акыркы айларда кайрадан өсүү болгондугу жана күн сайын эң аз 100 кишинин ооруканага кайрылгандыгы белгиленди.

1163435
Йеменде холера коркунучу

Йемендин борбор шаары Санада холера оорулууларында акыркы айларда кайрадан өсүү болгондугу жана күн сайын эң аз 100 кишинин ооруканага кайрылгандыгы белгиленди.

Эл аралык коом тарабынан кабыл алынбаган хусилерге караштуу өкмөттөгү саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Юсуф ел  - Хадири : «Холера Санада кенен жайылды. Эпидемиядан улам күнүмдүк эң аз 100 киши ооруканаларга кайрылууда»,- деди.

Азыркы абал үчүн «апаат» деген Хадири шаардагы эпидемиянын азайтылышы үчүн эл аралык коом жана уюмдарды чукул түрдө аракет кылууга чакырды. Хадири чектүү мүмкүнчүлүктөргө карабастан эпидемия үчүн керек болгондорду аткарууга аракет кылышкандарын белгиледи.

Хусилер тарабынан кечээ берилген маалыматта өлкөнүн батышындагы Земар шаарында жылдын башынан бери холера эпидемиясынан улам 12 кишинин каза болгондугу билдирилген.

Йеменде 2016 -  жылдан баштап чоң холера эпидемиясы чыккан. Саламаттык Сактоо Уюу өлкөдө 2017 -  жылдын апрель айынан 2018 -  жылдын 17 -  июль айынын ортосунда 2 миң 300дөн ашуун кишинин холерадан каза болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар