Шотландияда кар көчкү болду

Көчкүдө 2 альпинист каза болуп, 2 альпинист да жараланды.

1162763
Шотландияда кар көчкү болду

Британиянын эң бийик тоосу Бен Невисте кар көчкүнүн болушу менен 2 альпинист каза болуп, 2 альпинист да жараланды.

Жергиликтүү басма сөздүн берген кабарына караганда окуя кечээ эрте менен саат 11:30 чамаларында Шотландиянын  Форт Уиллиам кыштагына жакын жерлерде болду.

Шотландия полициясынан берилген маалыматта : «2 кишинин каза болгондугун жана 2 кишинин да жаралангандыгын ырастай алабыз»,- деген сөздөргө орун берилди. Өзгөчө окуя болгон жерде абадан тез жардам жана тоо изилдөө – куткаруу топторунун ишин улантып жаткандыгы белгиленди.

Шотландия аймактык өкмөтүнүн премьер  - министри Никола Стургеон да социалдык медиа эсебинен берген маалыматта окуя тууралуу «трагедия» деди.



Тектеш кабарлар