Мозамбикте болгон селде 10 киши каза болду

Жетекчилер тропикалык жамгыр жаашы менен башталган бороондун күчүн арттыргандыгын жана селге айлангандыгын билдиришти.

1161987
Мозамбикте болгон селде 10 киши каза болду

Мозамбикте катуу жамгыр жаашы жол ачкан селден улам эң аз 10 киши каза болду. Өлкөнүн басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 60 миңден ашуун киши суу ташкынынан таасирленип,  10 киши каза тапты.

Жетекчилер тропикалык жамгыр жаашы менен башталган бороондун күчүн арттыргандыгын жана селге айлангандыгын билдиришти.

Жамгыр жаашы жана бороондон эң аз 120 миң кишинин таасирленери болжолдолууда.

Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнөн Мозамбикте бат -бат болгон бороон жана селдер бир топ кишинин өлүмүнө себеп болууда.  2000 – жылы болгон селдерде 800 киши, 2015 -  жылы 100дөн ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар