Иран - Ирак согушунан калган миналар 12 жылда 92 кишинин өмүрүн алды

Иран коргоо министри, генерал Эмир Хатеми Иран  - Ирак согушунан калган миналардан 12 жылда 93 кишинин каза болгондугун белгиледи.

1161996
Иран  - Ирак согушунан калган миналар 12 жылда 92 кишинин өмүрүн алды

Иран коргоо министри, генерал Эмир Хатеми Иран  - Ирак согушунан калган миналардан 12 жылда 93 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Борбор шаар Тегеранда мина менен күрөшүү үчүн өткөрүлгөн эл аралык бир конференцияда сөз сүйлөгөн Хатеми өлкөсүнүн чек арасындагы мина тазалоо иштери тууралуу маадымат берди.

Иранда кенен аймактын бир топ өлкө тарабынан Ирактын кулатылган лидери Саддам Хүсейинге берилген миналар жана жарылуучу заттар менен булгангандыгын айткан Хатеми мина тазалоо иштери учурунда акыркы 12 жылда 93 кишинин каза болгондугун, 125 кишинин жаралангандыгын айтты.

Хатеми мина тазалоо боюнча Ирандын өнүккөндүгүн, БУУнун тийиштүү мекемелеринин да бул тууралуу өздөрүнө колдоо бергендигин билдирди.

1980 -  жылы 22 -  сентябрда башталган Иран  - Ирак согушу 1988 – жылы 20 -  августта  акырына чыкты. Эки өлкөнүн ортосунда өткөн күнгө таянган чек ара келишпестиктери жана суу жолун текшерүүлөрдөн улам араздашуулар Иран Шахы Мухаммед Рыза Пехлеви мезгилинде 1975 -  жылдагы Алжир келишими менен бир канча убакыт басаңдаган.

Алжир келишиминен 5 жыл өтпөстөн Иранда Хумейни лидерлигинде 1979 -  жылы болгон төңкөрүш эки өлкөнүн ортосундагы бардык дипломатиялык көпүрөлөрдүн атылышына жол ачты. Аймактагы кээ бир мамлекеттердин да колдоосун алган Ирактын лидери Саддам Хүсейин өткөн күндөн ушул күнгө чейин чечиле албаган Шаттүл Араб суу жолундагы укугун негиз катары көрсөтүп Иранга каршы согуш жарыялады.

Эки өлкө  борбор шаарларын бомбалашты. Согушта эң катуу кагылышуу Ирандын Хузистан аймагына караштуу жана араптар жашаган эки чек ара шаары Абадан менен Хүрремшехрде болду.

Чоң аскердик жана жарандык жоготуулар менен оор чыгымга жол ачкан  согуш эки тарап тең кабыл алган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 598 – чечими менен 1988 -  жылы 20 -  августта аяктады.

Согуш жылдарында чек араларга төшөлгөн миналар азыр да эки өлкөдөн бир топ кишинин өлүмүнө жана жараланашынына себеп болууда.



Тектеш кабарлар