Индия Орусиядан суу түбүндөгү кемесин арендага алат
Индия Орусия менен жаңы бир атомдук суу түбүндөгү кемени арендага алуу үчүн келишим түздү.
Индия Орусия менен жаңы бир атомдук суу түбүндөгү кемени арендага алуу үчүн келишим түздү.
NavyRecognationдун кабарына караганда Индия менен Орусия Жаңы Делинин үчүнчү атомдук чабуул коючу суу түбүндөгү кемени арендага алуу үчүн 3 миллиард долларга келишти.
"Chakra III" деп атала турган суу түбүндөгү кеменин эң эрте 2050 - жылы Индия сууларында болушу жана эң аз 10 жыл Индия деңиз флотунда кызмат кылышы күтүлүүдө.
Акула классындагы орус суу түбүндөгү кемесинин Индия системаларына шайкеш болору билдирилип, Индия менен Орусиянын ортосунда келерки жылы контрагы акырына чыга турган "Chakra IIнин" аренда мөөнөтүнүн узартылышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгү да белгиленди.
"Chakra IIIтүн" 530 мерт тереңдикке түшө алары, 30 деңиз мили ылдамдык менен чумку алары жана 73 кишилик экипажды ташый алары белгиленди.
Тектеш кабарлар
Палестинаны колдоо митингдери
Көптөгөн өлкөлөрдө университет студенттеринин Палестинага колдоо көрсөтүү митингдери да уланууда.