Ислам мезгилине таандык эң эски археологиялык табылга
Биздин эранын 538 – 670 – жылдары курулгандыгы болжолдолгон аянтта азыр да бар болгон архитектуралык калдыктардын болсо емеви мезгилине таянгандыгы билдирилди.
Катарда эрте ислам мезгилине таандык аймактын эң эски археологиялык аянты табылды. Катар музейлер мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Катардагы Лондон университети академиясынын кызматташуусу менен өлкөнүн батышындагы Югбиде жүргүзүлгөн казуу иштеринин натыйжасында эрте ислам мезгилине таандык аймактын эң эски археологиялык аянты табылды»,- деп билдирилди.
Сасаниддер мезгилинин акырларына туш келген, биздин эранын 538 – 670 – жылдары курулгандыгы болжолдолгон аянтта азыр да бар болгон архитектуралык калдыктардын болсо емеви мезгилине (биздин эранын 661 – 750 жылдары) таянгандыгы билдирилди.
Аянттагы калдыктардын арасында биздин эранын 7 – 8 - кылымдарга таандык керамика материалдары менен эрте ислам мезгилине таандык айнек калдыктары, металлдар, таш капкактар жана аң уулоо материалдарынын бар экендиги билдирилди.
Бул археологиялык калдыктар Катар музейлери менен Катардагы Лондон университети академиясынын кызматташуусунун арасында «Эл көп болгон чөл» деген ат менен 3 жыл мурда башталган орток долбоордун алкагында ишке ашкандыгы белгиленди.