Пакистанда сел жүрдү

Нөшөрлөп жааган жамгырлар 4 күндө 13 кишинин өмүрүн алды.

1156961
Пакистанда сел жүрдү

Пакистанда 4 күндөн бери уланып жаткан жамгырлар себеп болгон суу ташкыны жер көчкүнүн айынан 13 киши көз жумуп, 12 киши жаракат алды.

Белужистан провинциясынын маалымат министри Захур Ахмед Буледи, аймакта 1-марттан 4-мартка чейин уланган жамгырлардын селдерге жана суу ташкындарына алып келгенин белгиледи.

Ал облуста сел, жер көчкү жана чатырлардын учуусу сыяктуу себептерден 13 кишинин каза болгонун жана 12 кишинин жаракат алганын билдирген Буледи, 28 миң кишинин да куткарылгандыгын айтты.

Буледи бул провинциядагы 9 аймактын жамгырлардан таасирленгендигин жана ал жерлерге 5 миң чатыр, тамак аш, берки муктаждыктардын жөнөтүлгөндүгүн маалымдады.


Этикеткалар: #суу ташкындарына

Тектеш кабарлар