Орусияда мусулмандардын саны өсүүдө

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандардын төзөрүн айтты.

1157536
Орусияда мусулмандардын саны өсүүдө

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандардын төзөрүн айтты.

Гайнутдин борбор шаар Москвада катышкан бир конференцияда Орусияда мусулмандык факторунун исламды кабыл алган орустардын санындагы өсүү менен дагы да маанилүү абалга келерин белгиледи.

Орусияда мусулман санынын күн өткөн сайын өскөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Гайнутдин : «Адистердин болжолуна караганда 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандар түзөт»,- деди.

Өткөн жылы Курман айт майрамында бир гана Москва аймагындагы мечиттерге баргандардын санынын 320 миңден ашуун болгондугун белгилеген Гайнутдин бул сандын рекорд экендигин баса белгиледи.

Мечиттерге баргадардын өлкөдөгү мусулман санындагы өсүүнүн  көрсөткүчү экендигин белгилеген Гайнутдин жыл өткөн сайын майрам намазына келгендердин санында мурунку жылга караганда өсүүнүн болгондугун айтты.

Гайнутдин : «Орусиянын чоң шаарларында ылайыктуу маданий жана билим берүү базисине ээ бир топ жаңы мечитке муктаждык бар»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар