Хуан Гуайдо Венесуэлага кайтты

Гуайдо, Колумбиядан кийин аймакта өзүн күткөн Бразилия, Аргентина, Парагвай жана Эквадор сыяктуу өлкөлөргө сапар жасап кайтты.

1156941
Хуан Гуайдо Венесуэлага кайтты

Венесуэланын оппозициядагы лидери Хуан Гуайдо, 11 күндөн кийин Венесуэлага кайтты.

АКШнын Колумбияга жөнөткөн гуманитардык жардам материалдарынын Венесуэлага киргизилиши аракетинен бир күн мурда өлкөсүнөн чыгып кеткен Улуттук Парламенттин төрагасы Гуайдо, социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө: «Венесуэлага эркин жеке киши катары кирүүдөбүз, эч ким буга каршы чыга албайт»,-деп жазды.

Гуайдо, Колумбиядан кийин аймакта өзүн күткөн Бразилия, Аргентина, Парагвай жана Эквадор сыяктуу өлкөлөргө сапар жасады.

Венесуэланын башкы прокурору Тарек Уильям Сааб, январдын акырында Гуайдого чет өлкөгө чыгууга тыюу салынышы, капиталынын жана банк эсептеринин тоңдурулушу үчүн Жогорку Адилет сотуна кайрылган. Эртеси күнү бул алдын алуу чаралары бекитилген.

Эске сала кетсек, көпчүлүгү оппозициясынын колунда болгон Улуттук Парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо оппозициячылдардын митингинде өзүн «убактылуу мамлекет башчысы» деп жарыялаган жана АКШ баш болгон Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста Рика менен Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан танылган. Акыркы болуп Европа Парламенти да ушул эле багытта кадам таштаган.

Түркия,Мексика, Орусия, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро өкмөтүнө колдоосун кайталап, Мадуро да бул абалдар боюнча АКШ менен дипломатиялык жана саясий карым- катнаштарды токтоткондугун бирок соодалык карым- катнаштын улантыларын жарыялаган болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп да була балдар боюнча Венесуэлага аскер жөнөтүүнү альтернативалардан бир катары көрсөткөн.



Тектеш кабарлар