Европа өлкөлөрүндө бирдиктүү убакыт киргизилет

Бирдиктүү убакыт киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору бекитилди.

1157047
Европа өлкөлөрүндө бирдиктүү убакыт киргизилет

Европа Парламентинин Транспорт комитети, мүчө өлкөлөрдө бирдиктүү убакыт киргизүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун бекитти.

Бельгиянын баш калаасы Брюсселге чогулган Европа Парламентинин Транспорт комитети, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жайкы жана кышкы мезгилге өтүү режиминин өзгөртүлүшүнө карата долбоорду сүйлөштү.

Комитеттин мүчөлөрү, бирдиктүү убакыт киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 11 каршы, 23 макул добушу менен бекитти.

Долбоорго караганда Европа Биримдиги өлкөлөрү 2020-жылдын апрель айына чейин кышкы же жайкы убакыттын бирөөсүнүн туруктуу калуусун тандайт жана 2021-жылдан тарта мезгилдик саат жылдыруу токтотулат.  

Мыйзам долбоорунун мыйзамдашуусу үчүн Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясы жана мүчө өлкөлөрдүн бекитүүсү керек.

Европа Биримдиги өлкөлөрүндө жыл сайын марттын акыркы жекшемби күнү сааттын жебеси бир саат алдыга, октябрь айынын акыркы жекшемби күнү да бир саат артка жылдырылат.

Европа Комиссиясынын өткөн жылы жүргүзгөн сурамжылоосуна 4 миллион 600 миң киши катышкан болчу. Сурамжылоодо катышуучулардын 84 пайызы жайкы жана кышкы мезгилге өтүү режимине каршы чыккан эле.



Тектеш кабарлар