Ватикан Экинчи Дүйнөлүк согушуна тааныдк архивдерди ачат
Бул чечимди еврейлер узун убакыттан бери күтүп жаткан.
Католиктердин руханий лидери Папа Франциск Экинчи Дүйнөлүк согушу мезгилине таандык жашыруун Ватикан архивдеринин 2020 - жылы элге ачыларын жарыялады. Бул еврейлердин узун убакыттан бери күтүп жаткан чечими.
Папа Франциск 1939 - жылы 2 - март жана 1958 - жыл 9 - октябрдын арасында папалык кызматын аткарган 12 – Пиус мезгилине таандык жашыруун архивдерди ачуу чечимин чыгарышкандарын белгиледи.
Спутниктин кабарына караганда архивдер 2020 - жылы 2 - мартта ачылат.
Папа Франциск : «Чиркөө тарыхтан корпойт»,- деди.
Көптөгөн еврей 12 - Пиусту кыргынды көрбөстүккө салуу менен күнөөлөп жатат. Чиркөө болсо Папанын перде артында еврейлерди коргоо үчүн иштегендигин жактап жатат.
Папа Франциск 12 - Пиустун мурасынын «кээ бир шектенүү жана апыртуулар менен» кирдетилгендигин айтты.
Америкалык еврейлер комитети чечимди ыраазычылык менен кабыл алышкандарын билдиришти. Комитеттин диндер аралык карым - катнаштар башкаруучусу раввин Дэвид Розен 30 жылдан ашуун убакыттан бери жашыруун архивдердин ачылышын талап кылышкандарын айтты.