Нигерияда ласса ысытмасы

Ласса ысытмасынан каза болгондордун саны 83кө жетти.

1156683
Нигерияда ласса ысытмасы

Нигериянын 16 аймагында жаныбарлардан адамдарга өткөн жана аягы өлүм менен бүтүшү мүмкүн болгон ласса ысытмасынан каза болгондордун саны 83кө жетти.

Нигерия ооруларды текшерүү борборунан берилген маалыматта эпидемиядан улам январь айынан бери 83 кишинин каза болгондугу белгиленди. Маалыматта өлкөнү таасири астына алган эпидемияда Баучи, Бенуе, Ондо жана Кадуна жана башка 16 аймакта 1381 оорулуунун бар экендиги такталды.

Нигерия өкмөтү ласса ысытмасынан улам өлкөдө «чукул абал» жарыяланган.

Чычкандардын тезеги аркылуу жуккан ласса ысытмасы адамдан адамга өтүшү мүмкүн жана аягы өлүм менен аяктай тургандыгы билдирилди.  

Жетекчилер элге гигиеналык жактан таза болууга, чычкан жана башка кемирүүчүлөрдөн алыс болууну сунуш кылышты.



Тектеш кабарлар