Францияда бозгундар кемеге чыгууга аракет кылышты

Кеме Англиянын Довер шаарынан келген болчу.

1156434
Францияда бозгундар кемеге чыгууга аракет кылышты

Францияда Кале портуна токтогон кемеге чыгууга аракет кылган 44 бозгун суракка алынды.

44 бозгун Кале шаарынын полиция борборунда суракка алынса, кеменин ичинде иликтөөлөр уланып жатат.

Качкын көчмөндөр ишемби күнү порт аймагына чубап барышып, Англиянын Довер шаарынан келген кемеге шаты менен чыгууга аракет кылышкан.

Жардам уюмдарына караганда жүздөгөн бозгун, Англияга баруунун бир жолун табуу үмүтү менен Кале аймагында жашайт.



Тектеш кабарлар