АКШда катуу бороон болду

Бороондо 22 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1156197
АКШда катуу бороон болду

АКШнын Алабама аймагында болгон бороондо  22 киши каза болду.

Жетекчилер Алабаманын Ли Каунти аймагында бороондон улам каза болгондордун санынын 22ге жеткендигин, каза болгондордун арасында балдардын да бар экендигин билдиришти. Бороондо көп сандаган киши да жараланды.

Катуу бороон дарактарды тамырынан көңтөрүп, үйлөргө зыянын тийгизди. Бороон Жоржия аймагынын түштүк батышында да таасирдүү болуп, көп сандаган үйдүн айнактери сынып, чатырлары учту.

Кээ бир үйлөрдүн үстүнө дарактардын кулашы менен үй  - бүлөлөрдүн үйлөрүнөн чыга албай калгандыгын билдирген жетекчилер Флорида жана Түштүк Калифорния аймактары да бороондун болору боюнча эскертилди.

Президент Доланль Трамп болсо твиттер эсебинен берген маалыматта Алабама калкынан «этият болууларын» суранды.



Тектеш кабарлар