Трамп:«ДЕАШтын колундагы жерлердин 100 пайызын кайра алдык»

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда болгон жолугушуудан кайтып келе жатып Аляскада тыныгуу кылган Трамп, бул жердеги «Эльмендорф» аба күчтөрү базасында Американын аскерлерине кайрылды.

1154925
Трамп:«ДЕАШтын колундагы жерлердин 100 пайызын кайра алдык»

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сирияда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө жеңишке жетишкендерин белгилеп, «ДЕАШтын колундагы жерлердин 100 пайызын кайра алдык»,-деди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда болгон жолугушуудан кайтып келе жатып Аляскада тыныгуу кылган Трамп, бул жердеги «Эльмендорф» аба күчтөрү базасында Американын аскерлерине кайрылды.

Эң оболу декабрь айында ДЕАШты жеңгендерин жана эми Американын аскерлеринин өлкөсүнө кайта турганын жарыялаган Трамп, Сирияда ДЕАШка каршы олуттуу ийгиликке ээ болгондорун жактады.

Трамп: «Ар бир Сириядагы (ДЕАШ) халифаты темасында 90, 92 пайыз деп угуздуңар. Эми анын баарына биз ээбиз. ДЕАШтын колундагы жерлердин 100 пайызын кайра алдык»,-деп айтты.

Сириядагы америкалык командирлер менен бул теманы сүйлөшкөндө «бир жумабыз калды» түрүндөгү сөздөрдү укканын жана өзүнүн да «эми муну бүтүргүлө» дегенин белгилеген Трамп, күрөштү жеңгендерин айтты.

АКШнын президенти Трамп, 2018-жылы 20-декабрда АКШнын аскерлеринин Сириядан чыгуусу темасында, «Ал жерде болушубуздун жалгыз себеби ДЕАШ болчу жана ДЕАШты жеңдик»,-деп билдирген.

Андан кийин ДЕАШтын колундагы жерлердин 99 пайызын алгандарын белгилеген Трамп, эң акырында 16-февралдагы жарыясында, «Сирия туурасында 24 сааттын ичинде укмуш кабарларды берем»,деп айткан.

 

 



Тектеш кабарлар